Келерки жылы ЕАЭБде косметика жана дары-дармек рыноктору текшерилет

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Эмдиги жылы ЕАЭБде косметика, фармацевтика рыногу менен маркетплейстерде монополияга каршы мыйзамдардын бузулушун аныктоо боюнча текшерүү жүрөт. Бул тууралуу ЕЭКтин атаандаштык жана моноплияга каршы жөнгө салуу министри Максим Ермолович билдирди.
Ал X Евразиялык антимонополиялык форумда сүйлөп, ЕАЭБде ак ниет атаандаштыкты калыптандырган стратегиялык милдеттерди белгиледи.
"2025-жылга чейин изилдөөнү мерчемдеген 17 товардык рынокту жана тармактык талдоо жүргүзүү үчүн биримдиктин экономикасынын үч багытын аныктадык. Косметика, фармацевтика рыноктору жана санариптик соода аянтчалары калк үчүн талуу чөйрө болуп саналат", — деди ЕЭК министри.
ЕАЭБ баалуу таштардын сырьёсунун импортуна бажы алымын 3 жылга алып салды