Казандагы БРИКС саммити

Си Цзиньпин: Глобалдуу Түштүктүн кыймылга келиши — дүйнөдөгү өзгөрүүнүн белгиси

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Глобалдуу Түштүктүн активдешип кыймылга келе башташы — дүйнөдөгү олуттуу өзгөрүүнүн белгиси. Мындай пикирин Кытай лидери Си Цзиньпин БРИКС+ саммитиндеги пленардык жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Глобалдуу Түштүктүн жапырт кыймылга келип активдешүүсү дүйнөдөгү олуттуу өзгөрүүлөрдүн белгиси болуп саналат. Өлкөлөрдүн биргелешип жасаган кадамдары дүйнө тарыхындагы жана адамзат цивилизациясынын өнүгүшүндөгү алды-кийин кездешпеген жетишкендик болду", — деген Си Цзиньпин.
Кытай төрагасы биринчилерден болуп саммиттен кетти. Ал учар алдында Рустам Минниханов менен коштошуп жатып, БРИКСтин бул ири иш-чарасы ийгиликтүү өткөнүн билдирди.
БРИКС саммити Казанда өтүп жатат. 22-октябрда башталган жыйын бүгүн жыйынтыкталат. БРИКС+ же аутрич форматы уюмга мүчө жана андан тышкаркы мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн түшүндүрөт. Учурда ага 36 мамлекеттин башчылары катышууда.
Казандагы БРИКС саммити
Путин Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушу эмнеге кептей турганын айтты