Чийки заттардын дүйнө экономикасындагы орду чоң. Аларды жалпысынан төрт топко бөлүп карасак болот. Биринчиси — бул күйүүчү чийки заттар: мунай, газ, көмүр, экинчи багытта агрочийки заттары: кант кызылчасы, дан эгиндери жана башкалар, үчүнчүдө: металлдар, темир, жез, алтын сыяктуулар, төртүнчү топко химиялык чийки заттарды, тактап айтканда, жер семирткичтерди киргизебиз. Бул тууралуу Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, дүйнөлүк ири биржалар да чийки заттарга байланган.
"Чийки заттар мурдатан эле экономиканын тамыры болуп келген. Бирок, кызыгы, учурда өзүнөн чийки зат дээрлик чыкпаган Япония бул багытта лидерликти бербей келет. Күн чыгыш өлкөсүнүн чийки заттары бар башка өлкөлөр менен келишим түзүп, аны ташып, жеткирүүнү колго алган дүйнөлүк деңгээлдеги ири компаниялары бар. Чийки заттары бар өлкөлөрдүн, демек, ресурсу көп жана экономикасын көтөрүп кетүү мүмкүнчүлүгү чоң десек болот. Дүйнөдөгү чоң биржалар да ушул чийки заттарга байланган. Аларды алып сатуу доллар менен жүргүзүлгөндүктөн, доллардын куну түшпөй кармалып турушуна да шарт түзөт. Ошол эле буудайды алалы, аны сатуу, сатып алуу өлкөлөр ортосунда доллардан башка валюта менен жүргүзүлсө, мунайды жүгүртүү доллардан башка валютага өтсө доллардын курсунун түшүшүнө алып келет. Андыктан чийки заттар экономикада орчундуу орунду ээлейт", — деди Мамытов.
Ал эгерде буудайды чийки зат катары карай турган болсок, рекорддук көлөмдө экспорттогон Россия лидер экенин жана бул өлкөнүн дүйнөлүк экономикадагы таасирин аныктап турарын кошумчалады.