Казандагы БРИКС саммити

БРИКС: дүйнөнүн басымдуу бөлүгү пикирин айтты. Маанилүү билдирүүлөр

Казанда өтүп жаткан БРИКС саммити 22-октябрда башталган, бүгүн жыйынтыкталды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жакынкы Чыгыштагы жана Украинадагы кырдаал, террорчулук, адилеттүү дүйнө түзүмү үчүн күрөш Казандагы БРИКС+ форумуна катышкандар талкуулаган башкы тема болду.
Бир катар президенттер менен министрлердин айткандарын окурмандарга сунуштайбыз:
Кытай төрагасы Си Цзиньпин:
БРИКСти тынчтыкты туруктуу коргоп, жалпы коопсуздукка жетүүгө чакырды. Тагыраагы, "Украинадагы кризистик абалдын ырбап кетпешин шарттап, аны саясий нукта жөнгө салуу үчүн жол ачуу";
Газа тилкесиндеги согушту толук токтотуу кадамдарын илгерилетүү;
Ливандагы согуштун жайылышын алдын алуу;
БРИКС глобалдык экономикалык башкаруу системасын реформалоону башташы керек;
эл аралык кырдаал кандай болуп өзгөрбөсүн, Кытай ар дайым Глобалдык Түштүккө кам көрөт.
Ирандын президенти Масуд Пезешкиан:
БРИКСтин жардамы менен адилеттүүрөөк системаны түзүүгө ишеним артып, "санкцияларсыз, согушсуз жана геноцидсиз" бейпил дүйнөнү курууга чакырды;
БУУнун Жакынкы Чыгыштагы согуш отун өчүрө турган куралдары жок экенин белгиледи;
улуттук валюталарды колдонуу жана Жаңы өнүктүрүү банкынын кубаттуу болушу бардыгы үчүн пайдалуу;
БРИКС өлкөлөрү Батышка көз каранды болбош үчүн өздөрү иштеп чыккан технологиялары менен бөлүшүүгө тийиш.
Беларустун президент Александр Лукашенко:
БРИКС — келечекте Батыштын үстөмдүгүн аягына чыгарууга көмөктөшүшү мүмкүн болгон коомчулук;
Беларусь БРИКСтин кыла турган иштерин, кадамдарын толук колдойт;
Минск БРИКСке толук мүчө болууга даяр жана конкреттүү долбоор менен келе жатат.
Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган:
Анкарадагы теракт Түркиянын террорчулук менен күрөшүүдөгү чечкиндүүлүгүн дагы арттырды;
Түркия БРИКСтин адилеттүү дүйнөлүк тартип жана саясий алакаларды орнотуу боюнча койгон максаттарынан күмөн санабайт;
Түркия БРИКС "үй-бүлөсү" менен диалогду өнүктүрүүгө багыт алып турат;
Израилге курал берүүгө салынган тыюуну колдоого чакырат.
Палестинанын президенти Махмуд Аббас:
Палестинанын жакында БРИКСке кабыл алынышына үмүт артат;
Израилди Газа тилкесиндеги этникалык тазалоо жана тукум курут кылмышына күнөөлөдү;
эл аралык коомчулуктан жыл ичинде Израилдин басып алган аймактарды таштап чыгып кетишине мажбурлоосун, эгер ага көнбөсө санкция салууну суранып жана буга чакырды.
Казанда өтүп жаткан БРИКС саммити 22-октябрда башталган, бүгүн жыйынтыкталды. БРИКС+ форматындагы жыйынга 36 мамлекеттин өкүлдөрү катышты.
Казандагы БРИКС саммити
Си Цзиньпин: Глобалдуу Түштүктүн кыймылга келиши — дүйнөдөгү өзгөрүүнүн белгиси