Казандагы БРИКС саммити

Садыр Жапаров БРИКС саммитинин алкагында Путин менен жолукту. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен БРИКС саммитинин алкагында жолукканын мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ал расмий жолугушуу аземине катышуу үчүн “Казань Экспо” эл аралык көргөзмө борборуна барган. Официалдуу бөлүк аяктагандан кийин делегация башчылары бейрасмий жолугушууга катышуу үчүн залга киришкен.
Эскерте кетсек, иш сапардын алкагында Жапаров БРИКС саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышты.
Айта кетсек, ушул тапта Россияда, тагыраагы, Казань шаарында дүйнөлүк ири иш-чара, БРИКСтин саммити өтүп жатат. Саммиттин масштабын сандар менен карай турган болсок, аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн калкынын саны 4 809 608 956 экени айтылды.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.
Казандагы БРИКС саммити
БРИКСтин Казандагы саммитине кайсы мамлекеттер катышууда. Инфографика