БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. БРИКС уюмуна мүчө өлкөлөр тынчтык, адилеттүүлүк жана теңдик баалуулуктарын карманат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин биримдиктин саммитинин урматына сый тамак учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Бүгүнкү сүйлөшүүлөр биримдикке кирген мамлекеттер акыйкаттык, теңдик жана тынчтык баалуулуктарын карманышарын дагы бир ирет көрсөттү. Ошондой эле БРИКС өлкөлөрү калктын бакубат турмушу үчүн ынтымакта иш алып бара турганын көрдүк", — деген Путин.
Ал иш-чаранын ийгиликтүү өткөнүн белгилеген.
“БРИКСтин саммитинин тар жана кеңири чөйрөдөгү отурумдары ийгиликтүү болду. Алар глобалдуу күндемдин актуалдуу маселелерине, коопсуздук менен саясаттын өз ара алакасына, экономикалык жана гуманитардык тармактарга арналды”, — деди Путин салтанаттуу сый тамак учурунда.
Россияда, тагыраагы, Казань шаарында дүйнөлүк ири иш-чарага, БРИКСтин саммитине, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров да катышты.
Саммиттин масштабын сандар менен карай турган болсок, аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн калкынын саны 4 809 608 956 экени айтылды.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.