БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газадагы кырдаалдын курчушуна түйшөлгөнүн билдирип, ЦАХАЛдын баскынчылык чабуулдарын айыптап, Израилди агрессияны токтотууга чакырды. Бул туурасында БРИКС мамлекеттеринин Казань декларациясында айтылган.
"Биз оккупацияланган Палестина аймагындагы абалдын курчушуна жана гуманитардык кризиске байланыштуу олуттуу тынчсыздануубузду кайрадан билдиребиз. Тагыраагы, Израилдин аскердик операциясынан улам Газа тилкесинде жана Батыш жээкте мурда болбогондой зомбулуктун күчөшү жарандардын массалык өлүшүнө жана жаракат алуусуна түрттү. Күчтөп жер котортууга жана жарандык инфраструктуранын бир топ кыйрашына алып келди", — деп айтылат документте.
БРИКС өлкөлөрүнүн лидерлери Газа тилкесинде ар тараптуу жана ок атышпоонун туруктуу режимин киргизүү зарыл экенин баса белгилешти. Ошондой эле барымтага алынгандардын бардыгын жана эки тараптан мыйзамсыз туткундалып жаткан адамдарды алдын ала шарт койбостон дароо бошотууну талап кылышты. Газа тилкесине гуманитардык жардамдын тоскоолдуксуз, туруктуу жана кеңири масштабда жеткирилиши керектигин белгилешип, бардык агрессивдүү аракеттерди токтотууга чакырышты.
Алар эл аралык нормаларды кармануу зарылдыгын айтышып, Газа тилкесиндеги чатактын ырбашынын, улам чыңалып бараткан кырдаалдын, экстремизмдин кесепети аймакка, дүйнөгө тиерин белгилешти.
"Кызыкдар болуп жаткан тараптарды болушунча сабыр тутуп, абалды курчуткан кадамдар менен чагымчыл аракеттерден алыс болууга чакырабыз. Түштүк Африка Израилге каршы демилгелеген соттук териштирүүлөрдүн алкагында Эл аралык соттун чараларын белгилеп, эске салабыз", — деп айтылат документте.