Пресс-борбор

Бишкекте Дары-дармек департаментинин кызматкерине кол салуу болду

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте Дары-дармек департаментинин кызматкерине кол салуу болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин фармацевтикалык инспекция башкармалыгынын жетекчиси Талант Дүйшөмбиев билдирди. Ал балдар баңгилигинин жайылуусу боюнча Sputnik маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөгөн.
Адистин айтымында, факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгында катталган.
"Биздин кызматкерге рейд учурунда кол салуу болгон", — деди Дүйшөмбиев.
Ал кошумчалагандай, аталган башкармалык ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы (БЖККК) менен биргеликте күчтүү таасир этүүчү дарыларды рецептисиз сатууга тыюу салууга багытталган рейддерди жана профилактикалык иш-чараларды тынымсыз жүргүзүп келет.
БЖКККнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Акылбек Жоорбаев белгилегендей, быйылкы жылы аталган кызмат тарабынан Дары-дармек департаментине үч жолу кат жолдонгон, алар күчтүү дарыларды рецептисиз саткан дарыканаларды текшерүү өтүнүчү менен кайрылган. Бирок президенттин "Ишкердик субъектилерди текшерүүгө мораторий киргизүү тууралуу" жарлыгынын негизинде өтүнүч четке кагылды.
"Биз азыр мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизип жатабыз, эгерде алар күчүнө кирсе, биз дарыканаларды же дары-дармек таратуучуларды мыйзам чегинде жоопкерчиликке тарта алабыз", — деди Жоорбаев.
Нарколог дарыкана баңгилигине берилген баланын кандай өзгөрөрүн айтып берди