Бишкекте №13 автобус ишке кирди, ал жаңы автобекетке барат

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Бишкекте №13 автобус ишке кирди, ал жаңы автобекетке барат. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Ал азыркы Батыш автобекетинен (жабылды) айланма жол менен Алматы көчөсүнүн кесилишиндеги жаңы автобекетке чейин каттайт. Жол кире карта менен 17 сом.
Эске салсак, 23-октябрдан тарта Батыш автобекети жана "Ак жол" кичи автобекети толугу менен ишин токтотуп, аны көчүрүү иштери жүрүп жатат.
Депутаттар автобекеттин жабылганы боюнча мэрияга сын айтышты