Акылбек Жапаров: 2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп бааласак жарашат

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөдө көптөгөн иштер жасалганын айтып, айрымдарын тизмектеди.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. 2024-жылды "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.
Анын айтымында, быйыл өлкөдө жүздөгөн ишкана, социалдык объект ачылып, миңдеген атайын техникалар сатып алынган.
"Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын зор жетишкендиктер менен тосуп жатабыз. Бул маараке 1924-жылы автономдуулукка умтулган азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталардын кийинки муунга аманат катары тапшырган эгемендүү Кыргызстан болуу менен бирге аны өнүктүрүү милдетин татыктуу аткарып жаткандыгыбыз менен коштолууда. Бул — улуу сыймык. Быйыл, 2024-жылды, биз "Кылым окуяларынын жылы" деп сыймык менен бааласак жарашат", — деди ал.
Жапаров калктын аялуу катмарын колдоого жана жакырчылыкты кыскартууга багытталган иштерге токтолду.
"Биз адамдарды жөн эле жөлөк пул алууга эмес, акча табууга үйрөттүк. 2022-жылы жакыр жашаган 111 миң үй-бүлө бар болсо, 2024-жылы алардын саны 81 миң үй-бүлөгө чейин кыскарды. Бул максатта бюджеттин чыгашалары 25 миллион долларды түздү", — деди минкаб башчысы.
Акылбек Жапаров: 2029-жылы Кыргызстандын бюджети 1 трлн. сомго жетет