Депутат мас айдоочуларга айып пулду көтөрүүнү сунуштады

Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исираилов алкоголь ичип рулга отургандардын жоопкерчилигин катаалдатууну сунуштады.
"Мас айдоочулар кайрадан эле рулга отурушууда. Айыпты 50 миң, дагы мас болуп түшсө 70-100 миң сомго өсө тургандай болсун. Алардын чөнтөгүнө зыян келтирип жолго салбасак, кырсыктар көп болуп жатат", — деди ал.
Ошондой эле ал айрым учурда адамдык фактор орун алып, коррупциялык элементтер кездешип жатканын белгиледи.
Депутаттар автобекеттин жабылганы боюнча мэрияга сын айтышты