Анкарадагы терактыдан көз жумгандардын саны беш кишиге жетти

Кандуу окуяны ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясы жасашы ыктымал экенин айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Анкарадагы терактыдан көз жумгандардын саны беш кишиге, ал эми жарадарлар 22ге жетти. Бул туурасында Түркиянын ИИМ башчысы Али Ерликая билдиргенин РИА Новости жазды.
Анын айтымына караганда, кандуу окуяны ишмердүүлүгүнө тыюу салынган Күрдстан жумушчулар партиясы жасашы ыктымал.
TRT Haber Түркиянын Куралдуу күчтөрү Сирия менен Ирактын түндүгүндөгү 32 бутага чабуул жасап, ал жактан Күрдстан жумушчулар партиясынын бир топ согушкерлерин жок кылганын кабарлады.
Кечээ, 23-октябрда, Түркиянын баш калаасында теракт болуп, жаракат алган үч кишинин каза тапканы кабарланган.
"Ливанда жарылган пейджерлер бизде чыккан эмес". Тайвань үн катты