БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жума күнү күндүз өлкө боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +14…+19, Талас аймагында +12…+17, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18…+23, Ысык-Көл жергесинде +10...+15, Нарын өрөөнүндө +9…+14 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +16…+18, Ош шаарында +21…+23 градуска көтөрүлөт.