Айтматовдун 100 жылдыгына карата “Кыргызфильм” сынак жарыялайт. Талаптар кандай?

Sputnik
Биз бул ирет “Стоп кадр” уктуруусунда Чынгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата “Кыргызфильм” уюштуруп жаткан сынак тууралуу кеп кылдык. 2028-жылы белгилене турган жазуучунун 100 жылдыгына даярдыктар башталып, Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылчу фильмдин сценарийине сынак жарыяланганын Акжол Бекболотов маалымдады. Анын айтымында, сценарийлер 15-ноябрга чейин кабыл алынмакчы.