Өлкөдө эпизоотиялык абал тынч, профилактикалык иштер гана жасалууда

Sputnik
Баткен районунун Кара-Бак айылында 4 кишини жолбун ит тиштеп, ооруканага жаткырылган. Негизи эле учурда өлкөдө эпизоотиялык абал кандай? Кутурма оорусунун белгилери, профилактика жана бул жаатта өлкөнүн медициналык илимий жетишкендиктери кандай экени тууралуу “Спутник Кыргызстан радиосунун “Ачык Кеп” программасында маектештик. Бизде мейманда санитардык -карантиндик көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азим Кыргызбаев болуп, жалпы абал тууралуу кенен айтып берди.
Маектин жүрүшүндө карантиндик кызмат оору менен күрөшүү эмес, алдын алуу жаатында иштөөгө өткөндүгүн жана илимий, техникалык жактан кандай жетишкендиктер болуп жатканы тууралуу уктурууда тааныша алабыз.