ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон азык-түлүктөр Кыргызстанда арзан

Sputnik
Монополияга каршы жөнгө салуу органдары табанынан базарларда “Социалдык жактан маанилүү товарларга” болгон бааларга ар жума мониторинг жүргүзүлүп турат. Бүгүнкү күндө базарларда азык-түлүктүн баасы туруктуу. Алсак, 1-сорттогу жергиликтүү буудай унунун өлкө боюнча орточо баасы 35,8 сом болсо, импорттолгон ундуку 43 сомдун тегерегин түзөт. Өсүмдүк майы 131 сом, кумшекер 77 сомдон сатылууду. Алдыдагы айларда сахардын баасы арзандап же туруктуу болору болжолдонууда.
Кыргызстанда азык-түлүктүн баалары ЕАЭБ өлкөлөрүнө салыштырмалуу арзан экенин Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын талдоо, отчеттулук жана ЕЭК менен өз ара аракеттешүү башкармалыгын башкы адиси Карлыгач Айдарова маалымадады.