Балдарды интернеттеги терс маалыматтардан кантип коргойбуз?

Sputnik
Өлкөдө балдарды интернеттеги терс маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизилип сунушталды. Мыйзамда аларды терс маалыматтардан коргоо үчүн балдардын аппараттарына "ата-эне көзөмөлү" программаларын орнотуу каралган. Биз “Күн башат” программасынын алкагында мыйзам кабыл алынса кантип ишке ашат? Аталган программа аркылуу кантип көзөмөлдөнөт? Негизи эле балдардын гаджеттерге болгон кызуугусу качан пайда болот? ушул жана башка суроолорубузга жооп ала алдык.
Ошондой эле студиябызга келген коноктор менен биргеликте телефон, планшет, компьютердин балага тийгизиип жаткан зыяны менен пайдасына да токтолдук.