БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан агенттиги 10 жыл убакыт аралыгында ишенимдүү жана актуалдуу маалымат булагы катары калыптана алды. Бул тууралуу Журналисттер союзунун төрагасы Илиязбек Балташевдин куттуктоосунда айтылат.
"Сиздер даярдаган ар бир маалымат Кыргызстандын медиа мейкиндигинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да чоң мааниге ээ болуп, окурмандар арасында зор бааланууда. Агенттик аркылуу жеткирилген объективдүү жана калыс маалыматтар жарандардын маалымдуулугун жогорулатып, өлкөбүздүн социалдык жана саясий турмушуна зор салым кошту. Алдыңкы жылдарда да "Спутник Кыргызстан" жаңы ийгиликтерди багындырып, ишенимдүү жана күчтүү медиа булагы бойдон кала берет деп ишенем", — деди Балташев.
Ал агенттиктин жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана коомдун өнүгүшүнө мындан ары да салым кошууну каалаган.