Анкарада теракт болуп, үч адам көз жумду, жарадарлар бар. Видео

Алдын ала маалыматтар боюнча, жардырууну согушкерлер жасашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Анкарадагы аскердик учактар менен космостук жабдууларды чыгарган TUSAŞ корпорациясынын имаратында теракт болуп, үч адам каза таап, 14 киши жаракат алды. Бул тууралуу РИА Новости IHA агенттигинин маалыматына таянып жазды.
Маалыматты Түркиянын ИИМинин башчысы Али Ерликая билдирген. Ал эми кол салгандардын экөө жок кылынды.
Али Ерликая окуяны теракт деп атады.
CNN Türk телеканалы согушкерлердин тобу кол салган деген божомолун билдирген.
Бул арада Habertürk телеканалы видеобайкоого жазылып калган видеону жарыялады. Анда таксиден түшкөн кеминде куралчан эки адам TUSAŞ корпорациясынын кызматкерлери отурган жайга кирип кеткендиги көрүнгөн. Окуя болгон жерде ар бир беш-он мүнөт сайын атышуунун үндөрү угулуп жатканын жазышты.
Ал арада бул терактыны ЖМКлардын чагылдыруусуна тыюу салынганы кабарланды.
Россия менен Түркия “Хезболланын” лидеринин Израиль тарабынан өлтүрүлүшүн айыптады