Таластагы үрөй учурган кырсыктан эне эки баласы менен каза тапты

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Таласта жол кырсыгынан үч адам каза болгонун облустук Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Талас ЖКККББсы жолдон өтүп бараткандар эне-балдар экенин айтып, аларды катуу ылдамдыкта келе жаткан автоунаа учура сүзгөнүн билдирди. Көз жумгандардын жаш курагы азырынча белгисиз.
Кырсыктаган үч автоунаанын айдоочулары текшерүүдөн өтүп, баары соо болуп чыккан.
Таласта катуу келе жаткан унаа жолдон өтүп бараткандарды учура сүзгөн