Си Цзиньпин Россия менен соодалык кызматташуу илгерилеп жатканын белгиледи

Кытай лидери БРИКС экономикасы өнүгүп бараткан өлкөлөрдү консолидациялоо үчүн кызматташуудагы маанилүү платформалардын бири экенин да айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казандагы БРИКС саммитинде РФ лидери Владимир Путин менен жолугуп, эл аралык кырдаалдын татаалдашып турганына карабай эки мамлекеттин соода кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Тышкы кырдаалдын татаалдашып жана олуттуу болгонуна карабастан өлкөлөрдүн соода жана башка тармактардагы кызматташтыгы активдүү өнүгүп, биргелешкен ири долбоорлор туруктуу ишке ашырылып жатат", — деген Си Цзиньпин.
Ал эки өлкө "Бир алкак, бир жол" демилгесин жана ЕАЭБдин эриш-аркак иштешүүсүн андан ары алып кетүүнү белгиледи. Бул РФ менен Кытайдын экономикалык майнаптуу алакасын колдоп, ага дем берерин кошумчалады.
Си Цзиньпин БРИКС рыноктору түптөлүп, экономикасы өнүгүп бараткан өлкөлөрдү консолидациялоо үчүн кызматташуудагы маанилүү платформалардын бири экенин да айтты.
Казандагы кечээ башталган саммит 25-октябрга чейин болот.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.
Казандагы БРИКС саммити
БРИКСке айрым өлкөлөрдүн киргени ЕБ менен НАТОну кыжалат кылары айтылды