Казандагы БРИКС саммити

БРИКС күндөлүгү: Путин менен Эрдоган эмнелерди сүйлөштү. Урунттуу учурлар

Лидерлер бүгүн Казань шаарында БРИКС алкагында жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россия менен Түркиянын Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча пикирлери абдан окшош. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолукканда айтканын РИА Новости жазды.

"Учурдун курч темасы – Жакынкы Чыгыштагы абалдын трагедиялуу өрчүшү. Бул маселелерде Россия менен Түркиянын туруктуу позициялары бири-бирине өтө жакын", – деген Путин.

Лидерлер бүгүн Казань шаарында БРИКС саммитинин алкагында жолуккан.
Айта кетсек, учурда Россияда, тагыраагы, Казань шаарында дүйнөлүк ири иш-чара, БРИКСтин саммити өтүп жатат.
Путиндин Түркиялык кесиптеши менен жолуккандагы айткандарынын урунттуу учурлары:
Владимир Путин Эрдоганга Украинанын айланасындагы абалды маалымдаган;
Россия менен Түркиянын мамилеси коңшулук-достук жана конструктивдүү мүнөздөгү мамиледе;
РФ менен Түркиянын соода-экономикалык кызматташуусу тездик менен өнүгүүдө;
Түркияда газ хабын түзүүгө даярдык уланууда, Россия – жаратылыш газын ишенимдүү жеткирген тарап;
президенттер Сирия менен Закавказьедеги абалды да талкуулоону пландашууда.
Казандагы БРИКС саммити
БРИКСтин Казандагы саммитине кайсы мамлекеттер катышууда. Инфографика