Казандагы БРИКС саммити

Тилектештер. Путин БРИКС саммитинде эмнелерди белгиледи

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин БРИКСке мүчө суверендүү мамлекеттерди пикирлеш, санаалаштар деп атады.
"БРИКСке ар кайсы континенттерден өнүгүүсү, дини, өздөрүнүн цивилизациясы жана маданияты өзгөчөлөнүп турса да тилектеш болгон эгемендүү мамлекеттер кирген десек адилеттүү болот", — деген Путин аталган саммиттеги тар курамдагы жыйында сүйлөп жатып.
Төмөндө анын айткандарынын урунттуу учурларынан келтиребиз:
БРИКС өлкөлөрүнүн бардыгы дүйнөлүк тартипке сөз менен эмес, иш менен таасир этүүдө. Мындай курс азыр абдан маанилүү;
БРИКС өлкөлөрүнүн экономикалык, илимий, демографиялык, саясий дарамети күчтүү;
Глобалдык Түштүк жана Чыгыш өлкөлөрүнүн БРИКС менен байланышты чыңдоого кызыгуусун көрмөксөнгө салуу туура эмес болуп калмак;
мындай каалоосун 30дан ашык мамлекет ар кандай формада билдирди;
БРИКСтин өнөктөш мамлекеттеринин тизмесин түзүп, аны саммиттин жыйынтыктоочу декларациясына жазуу керек.
Казандагы БРИКС саммити
Казанда Путин менен Си Цзиньпин жолукту. Лидерлер токтолгон маселелер