Путин: БРИКСтин дүйнөлүк экономикадагы үлүшү G7ге караганда көп

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. БРИКС өлкөлөрүнүн дүйнөлүк экономикадагы үлүшү (сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча) G7 үлүшүнөн ишенимдүү ашат. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин БРИКС саммитинин кеңейтилген жыйынында билдирди.
Анын айтымында, быйыл БРИКС өлкөлөрүнүн үлүшү 36,7 пайызды түзсө, былтыр G7 уюмунуку 30 пайыз болгон, 2024-жылы дагы жогорулайт.
Путин өнүккөн өлкөлөрдө карыздын көлөмү өсүп, бир тараптуу санкциялардын практикасы кеңейип жатканын белгиледи. Бул дүйнөлүк сооданын солгундашына алып келет. РФ лидери БРИКС өлкөлөрүнүн экономикасы тең салмактуу саясаттын аркасында туруктуулукту көрсөтүп жатканын кошумчалады.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Ага 2011-жылы Россия, Кытай, Индия жана Бразилия кошулган. 2024-жылдын башынан бери бул топко Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы кирген. 1-январда Россиянын уюмга төрагалыгы башталган, ал адилеттүү глобалдык өнүгүү жана коопсуздук үчүн көп тараптуулукту бекемдөө урааны астында өтүп жатат.
Казандагы БРИКС саммити
Путин: Глобалдуу Түштүк менен Чыгыш өлкөлөрүнүн БРИКСке кызыгуусу артууда