Казандагы БРИКС саммити

Индия премьери: БРИКС жакын арада глобалдуу маселелерди чечкен уюмга айланат

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. БРИКС тобу жакын арада глобалдуу маселелерди чечкен уюмга айланат. Бул тууралуу Индиянын премьер-министри Нарендра Моди билдиргенин РИА Новости жазды.
"Акыркы жылдары БРИКС көп нерсеге жетишти. Жакын арада бул уюм глобалдуу чакырыктарды чече алган таасирдүү платформага айларанынан күмөн санабайм", — деди Моди БРИКС саммитинин кеңири курамдагы жыйынында.
Ал БРИКСке дүйнө элинин 40, глобалдуу экономиканын 30 пайызы туура келерин белгилеген.
Моди өз сөзүндө Россия президенти Владимир Путинге саммиттин мыкты уюштурулганы үчүн ыраазычылык билдирип, БРИКСке жаңы кошулган мамлекеттерге ийгилик каалады.
Казандагы кечээ башталган саммит 25-октябрга чейин болот.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.
Казандагы БРИКС саммити
Тилектештер. Путин БРИКС саммитинде эмнелерди белгиледи