Жогорку Кеңеште "түнкү тыныгуу" мезгилин аныктоо мыйзамы кабыл алынды

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште "Тынчтык жөнүндө" жана "Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору кабыл алынды.
Ага үчүнчү окууда каттоодон өткөн 78 депутаттын 62си "макул" деп добуш берген.
Мыйзам долбоору төмөнкүдөй талаптарды белгилөөнү сунуштайт:
ызы-чуудан корголгон жайлардын жана аймактардын болушу;
тынчтыктын жана бейпилдиктин бузулушуна алып келген аракеттерге жоопкерчилик;
жарандардын тынчтыгын жана эс алуусун бузууга жол бербей турган убакыт мерчемдери.
Долбоор боюнча ызы-чуу жасагандарга милиция чара көрүүгө укуктуу болот. Ошол эле учурда мыйзам түнкүсүн айтыла турган азандарга тиешеси жок экени белгиленген.
Милицияга түнү уйку бербегендер менен күрөшүү укугун кошуп берүү сунушталды