Таласта катуу келе жаткан унаа жолдон өтүп бараткандарды учура сүзгөн

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Таласта үрөй учурган жол кырсыгы видеого түшүп калган.
Анда көрүнүп тургандай, ак түстөгү автоунаа катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон өтүп бараткандарды учура сүзгөн. Токтоно албай башка да машина менен кагышкан.
Маалымат боюнча, кырсык бүгүн 8:30дар чамасында болгон.
Күбөлөр кырсыктан көз жумгандар бар экенин айтышууда.
Бишкекте жол кырсыгы катталып, эки адамдын өмүрү кыйылды