ЖК төрагасы Нурлан Шакиев РФ элчиси Сергей Вакуновду кабыл алды

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Россиянын элчиси Сергей Вакуновдун жолугушуусу болду. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Парламенттер аралык байланыштардын маанилүү маселелери жана Россия менен Кыргызстандын алакасын жакшыртуу талкууланганы белгиленди.
"Биргелешкен экономикалык долбоорлорго, жалпы тарыхты сактоо жана Кыргызстанда орус тилин колдоого өзгөчө көңүл бурулду. Россия тараптан кабыл алынып жаткан мыйзамсыз миграцияга каршы чараларга жана ЕАЭБде эмгектенгендердин укугун коргоо маселелерине басым жасалды", — деп айтылат маалыматта.
ЕАЭБ баалуу таштардын сырьёсунун импортуна бажы алымын 3 жылга алып салды