Парламент Медербек Сатыевдин Жогорку сотко талапкерлигин жактырды

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Медербек Сатыевдин Жогорку сотко талапкерлиги каралып, жактырылды.
Аны депутаттарга президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.
Депутат Надира Нарматова президент Жогорку соттун төрагалыгына татыктуу талапкерди көрсөткөнүн айтып, талкуусуз добуш берүүнү сунуштады. Парламент сунушту колдоду.
Жыйынтыгында эл өкүлдөрү 75 добуш менен Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макул болду.
Медербек Сатыевдин талапкерлигин Соттор кеңеши сунуштаган.
Радио
Сыдыков: жарандык иштер боюнча сот өкүлчүлүгү институту реформаланат