Кыргызстандын маданият күндөрү эми Беларуста өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 24-27-октябрда Минск шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу Беларустагы элчи Эрбол Султанбаев билдирди.
Ал белгилегендей, бул иш-чара кыргыз-беларус эки тараптуу мамилелеринин тарыхында биринчи жолу болгону турат.

"Кыргызстандын маданият күндөрүнүн алкагында кыргыз киносунун жумалыгы уюштурулат. Мындан тышкары, Кыргызстандын материалдык жана материалдык эмес маданий мурастары боюнча сүрөт көргөзмө жана эки өлкөнүн белгилүү коомдук жана маданий ишмерлеринин катышуусунда илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын форуму уюштурулат", — деп айтылат маалыматта.

Иш-чара 27-октябрда искусство чеберлеринин гала-концерти менен жыйынтыкталары кошумчалады.
Эскерте кетсек, 19-23-октябрда Кыргызстандын маданият күндөрү Россияда өткөрүлдү.
Садыр Жапаров: Кыргызстан менен Россиянын эли ийиндеше туруп келечек үчүн күрөшкөн