Радио

Кыргызстандын музейлеринде кесипкөй кызматкерлер жетишсиз

Кыргызстандагы эл аралык музейлер кеңешинин башчысы Аида Алымова өлкөдөгү музейлердин көйгөйлүү маселелерине токтолду.
Sputnik
Өлкөдө музей кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуучу курстарды ачуу керек. Бул тууралуу Аида Алымова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда музейлердин иши эски нук, эски эреже менен эле жүргүзүлүүдө.
"Музейдин ишин сүйгөн, түшүнгөн жана заманбап долбоорлор, маркетинг менен иштеген менеджерлер жетишсиз. Улуттук университетте музей таануу боюнча атайын кафедра ачылды. Буга чейин музей кызматкерлерин даярдаган жогорку окуу жайлар жок болчу. Эми анда мыкты адистер даярдалат. Алардын практикасы музейлердин базасында өтүп, музей ишин жакшы билүүгө мүмкүн болот деп ойлойм. Мындан тышкары, азыркы тапта иштеп жаткан кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуучу курстарды ачуу керек. Биз эски нук, эски эреже менен эле иштеп келе жатабыз. Учурга ылайык ар бир музейде сөзсүз мультимедиа жабдуулары, күчтүү материалдык-техникалык база болушу зарыл. Ошондуктан биз да адистерибизди заманбап жаңы ыкмалар менен иштегенге үйрөтүп, чет өлкөгө ири музейлерге тажрыйба алмашууга жөнөтүп, шарт түзүп берсек жакшы болмок. Мындан тышкары, өлкөдөгү бардык музейлердин имараттарынын эскилиги жеткендиктен ремонтко муктаж", — деди Алымова.
Ал ошондой эле 2025-жылы республикада музейлердин 100 жылдыгы белгиленерин, анын алкагында музей кызматкерлеринин эл аралык форумун уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.