Казандагы БРИКС саммити

Путин: Глобалдуу Түштүк менен Чыгыш өлкөлөрүнүн БРИКСке кызыгуусу артууда

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Казанда өтүп жаткан БРИКС саммитинин тар курамдагы жыйынында сүйлөдү.
Өлкө башчысы Глобалдуу Түштүк менен Чыгыш өлкөлөрүнүн БРИКСке кызыгуусу барган сайын артып жатканын белгилеген.
"Уюмга ыктаганын 30дай мамлекет ар кандай формада билдирди. Ошол эле учурда балансты сактап, БРИКСтин маани-маңызынын төмөндөп кетишине жол бербеш керек. Ушу тапта баарыбыз уюмдун ырааттуу өнүгүп, дүйнөлүк аренада кадыр-баркы жана таасири бекемделип жатканына күбөбүз. Катышып жаткан мамлекеттердин баары ири саясий-экономикалык, илимий-техникалык жана адам ресурсуна ээ. Ошол эле учурда жалпыбызды орток баалуулуктар, дүйнөгө болгон көз караш бириктирип турат", — деди Путин.
РФ лидери БРИКСке ар кайсы континенттерден өнүгүүсү, дини, өздөрүнүн цивилизациясы жана маданияты өзгөчөлөнүп турса да тилектеш болгон эгемендүү мамлекеттер кирерин белгилөө адилеттүү болорун белгиледи.
"Мамлекеттердин баары теңдикти, ынак коңшулук, өз ара сый-урмат, достук жана ынтымакты, жалпы өнүгүүнү туу тутуп, келечек үчүн жоопкерчилик алганын иш жүзүндө көрсөтүп жатышат. Глобалдуу стабилдүүлүк жана коопсуздукка чындап оң таасир этип, аймактык көйгөйлөрдү чечүүгө орчундуу салым кошууда", — деди Путин.
Президенттин айтымында, эл аралык коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн кызыкчылыгына жооп берген БРИКСтин глобалдуу аренадагы стратегиясынын өзөгү дал ушунда.
Казандагы кечээ башталган саммит 25-октябрга чейин болот.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.
Си Цзиньпин Россия менен соодалык кызматташуу илгерилеп жатканын белгиледи