БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Учурда Россияда, тагыраагы, Казань шаарында дүйнөлүк ири иш-чара, БРИКСтин саммити өтүп жатат.
© Sputnik_Infographics
Ага кайсы мамлекеттердин өкүлдөрү келгенин инфографикадан көрсөңүз болот.
Саммиттин масштабын сандар менен карай турган болсок, аталган уюмга мүчө өлкөлөрдүн калкынын саны 4 809 608 956 экени айтылды.
Казандагы кечээ башталган саммит 25-октябрга чейин болот.
БРИКС — 2006-жылы түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме. Россия 2024-жылдын 1-январынан тарта уюмга төрагалык кылууда. Жыл бирикмеге жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен башталды, эми уюмда Россия, Бразилия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка Республикасынан тышкары Египет, Эфиопия, Иран, БАЭ жана Сауд Арабиясы бар.