Бишкекте сегизинчи "Борбор Азия романстары" башталды. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бишкекте сегизинчи "Борбор Азия романстары" башталганын "Русский дом" билдирди.
Кароо-сынактар Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүүдө. Быйыл сынакка 9️4 адам катышып, рекорд жаратты.
1 / 5

Бишкекте сегизинчи "Борбор Азия романстары" башталганын "Русский дом" билдирди

2 / 5

Кароо-сынактар Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында өтүүдө

3 / 5

Быйыл сынакка 9️4 адам катышып, рекорд жаралды

4 / 5

Сахнага Кыргызстандын 10 шаарынан жана айылдарынан, Казакстан менен Өзбекстандан келген 6 жаштан 27 жашка чейинки аткаруучулар чыгышат

5 / 5

Конкурстук кароолор эки күнгө созулат

"Катышуучулардын даярдыгы абдан жакшы. Айрыкча быйыл аймактардан кайрылуулар өзгөчө көп болуп жатканы мени кубандырат. "Борбор Азия романстары" биринчи жолу өтүп жаткан жок, катышуучулар жылдан-жылга көбөйүүдө. Сынак гүлдөп өсөрүнө ишенем", — деп белгиледи калыстар тобунун мүчөсү, Абай атындагы Казак улуттук опера жана балет театрынын солисти Эмил Сакавов.

Сахнага Кыргызстандын 10 шаарынан жана айылдарынан, Казакстан менен Өзбекстандан келген 6 жаштан 27 жашка чейинки аткаруучулар чыгышат.
Алар үч номинацияда ат салышат:
"Романсиада үмүтү" (6 жаштан 18 жашка чейин);
"Жаш аткаруучулар" (18 жаштан 27 жашка чейин);
"Чек арасыз романс" (профессионалдык музыкалык билими жок 35 жаштан ашпаган аткаруучулар үчүн).
"Москвада Кыргызстандын маданият күндөрү өттү. Чоң театр менен филармониянын сахналарынан Борбор Азия романсиадасынын жеңүүчүлөрүн көрдүк. Быйыл сынактын катышуучусу Санкт-Петербург консерваториясына тапшырды. Романсиадага катышкандар — биздин жалпы маданиятыбыздын бүгүнкү күнү жана келечеги. Быйыл биринчи жолу Ош шаарында тандоо турун өткөрдүк. Романсиада Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан жана Борбор Азиядан келген таланттар үчүн эң сонун колдоо", — деди Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев.
Сынактын катышуучуларынын өнөрлөрүн Россиянын эмгек сиңирген артисти, Н.Римский-Корсаков атындагы Санкт-Петербург мамлекеттик консерваториясынын вокалдык-режиссёрдук факультетинин деканы Мария Людко жетектеген эл аралык калыстар тобу баалайт.
Конкурстук кароолор эки күнгө созулат. Жеңүүчүлөрдүн жана экинчи орунду алгандардын ысымы 25-октябрда өтө турган гала-концерттин жүрүшүндө белгилүү болот. Мелдештин жеңүүчүсү XXVIII Москва Романсиадасынын финалына катышат.
Кремлдин сахнасында комуздун коштоосунда жаңырган романс. Видео