Аналитик Россия жамааттык Батышты жеңгенин айтты

Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Жамааттык Батыш Россияга жеңилгенин моюнга алгысы жок, ал эми РФтин экономикасы өсүп, татаал шартка ыңгайлашып жатат. Бул пикирин РИА Новостиге геосаясий аналитик Пепе Эскобар айткан.
"Вашингтон Россия жалпы Батыш менен кармашып жатканын моюнга алгысы келбей жатат. Ал улам жеңип баратат. Россиялык экономика күчтүү, Европанын башка мамлекеттерине караганда тез өнүгүп бара жатат. Россия Азия менен соода алакаларын кайрадан карап, жолго салып чыкты", — деген Пепе Эскобар.
РФ Батыштын тоскоолдуктарын кабылдап, бирок өзүнүн ыңгайына жараша пайдалангандыгын белгилеген.
"Андыктан бардыгы Россияга каршы ат коюшту, Россия муну кабылдап, өзүнө ыңгайлаштырып алды. Муну батыштагылардын моюнга алгысы жок. Себеби баарынын менталитети бирдей. Улуу держава катары Россияны жактырбай турушат", — деп оюн жыйынтыктаган серепчи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров эки сөз менен Батыштын Россия боюнча айласыз пландарына жооп кайтарды