24-октябрга карата аба ырайы

24-октябрга караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, карга айланышы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. 24-октябрь, бейшембиде, бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы мүмкүн. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, Ысык-Көл дубанында +9...+14, Нарын өрөөнүндө +8...+13 градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +8…+10, Ош шаарында +18...+20 градуска көтөрүлөт.
27-октябрга чейинки аба ырайы. Кыргызгидрометтин маалыматы