Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Жогорку Кеңеште адамды кемсинтип, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргендерге айып салуу мыйзам долбоору биринчи окуудан каралды. Анда Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү каралган. Ага ылайык, адамды мазактап, кемсинтип, беделин түшүрсө 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынат. Долбоор боюнча баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам кабыл алынса тартип бузгандарга карата арыз түшкөндө гана айып салуу боюнча жөрөлгө башталарын айтты. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбооруна 63 "макул", алты "каршы" добуш берилди.
Өлкөдө музей кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуучу курстарды ачуу керек. Бул тууралуу Кыргызстандагы эл аралык музейлер кеңешинин башчысы Аида Алымова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди. Анын айтымында, учурда музейлердин иши эски нук, эски эреже менен эле жүргүзүлүүдө. "Азыркы тапта иштеп жаткан кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуучу курстарды ачуу керек. Мындан тышкары, өлкөдөгү бардык музейлердин имараттарынын эскилиги жеткендиктен ремонтко муктаж", — деди Алымова. Ал ошондой эле 2025-жылы республикада музейлердин 100 жылдыгы белгиленерин, анын алкагында музей кызматкерлеринин эл аралык форумун уюштуруу пландалып жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан агенттиги 10 жыл убакыт аралыгында ишенимдүү жана актуалдуу маалымат булагы катары калыптана алды. Бул тууралуу Журналисттер союзунун төрагасы Илиязбек Балташевдин куттуктоосунда айтылат. "Сиздер даярдаган ар бир маалымат Кыргызстандын медиа мейкиндигинде гана эмес, эл аралык деңгээлде да чоң мааниге ээ болуп, окурмандар арасында зор бааланууда. Агенттик аркылуу жеткирилген объективдүү жана калыс маалыматтар жарандардын маалымдуулугун жогорулатып, өлкөбүздүн социалдык жана саясий турмушуна зор салым кошту. Алдыңкы жылдарда да "Спутник Кыргызстан" жаңы ийгиликтерди багындырып, ишенимдүү жана күчтүү медиа булагы бойдон кала берет деп ишенем", — деди Балташев. Ал агенттиктин жамаатына чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана коомдун өнүгүшүнө мындан ары да салым кошууну каалаган.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Казандагы БРИКС саммитинде Россия лидери Владимир Путин менен жолугуп, эл аралык кырдаалдын татаалдашып турганына карабай эки мамлекеттин соода кызматташтыгы активдүү өнүгүп жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Тышкы кырдаалдын татаалдашып жана олуттуу болгонуна карабастан өлкөлөрдүн соода жана башка тармактардагы кызматташтыгы активдүү өнүгүп, биргелешкен ири долбоорлор туруктуу ишке ашырылып жатат", — деген Си Цзиньпин. Ал эки өлкө "Бир алкак, бир жол" демилгесин жана ЕАЭБдин эриш-аркак иштешүүсүн андан ары алып кетүүнү белгиледи. Бул Россия менен Кытайдын экономикалык майнаптуу алакасын колдоп, ага дем берерин кошумчалады. Си Цзиньпин БРИКС рыноктору түптөлүп, экономикасы өнүгүп бараткан өлкөлөрдү консолидациялоо үчүн кызматташуудагы маанилүү платформалардын бири экенин да айтты. Казандагы кечээ башталган саммит 25-октябрга чейин болот.