Россия Кыргызстанга куруп бере турган 9 мектептин курулушу кандай этап менен качан башталат?

Sputnik
Буга чейин Жогорку Кеңеш биргелешкен кыргыз-орус мектептерин курууга багытталган мыйзам долбоорун үч окуудан колдоп берген. Россиянын Кыргызстанга куруп бере турган 9 мектеби ар бирине орто эсеп менен 450 миллион сомго чукул каражат кетери да маалымдалган. Ал эми кыргыз бийлиги бул билим жайларын салууга жер бөлүп берет. Мектептер үч жылда салынып бүтүлөрүн Билим берүү министрлиги билдирүүдө. Курулган мектептер кайда курулат? Курулуш качан башталат? Кандай билим берүү стандарттары колдонулат? Мектептер канча окуучуга ылайыкталат? Россия мектепти салып берүү менен гана чектелеби?
Ушул маселелердин тегерегинде "Спутник Кыргызстан" радиосунда Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү Тимур Дүйшеев жана Азамат Теңирберди уулу менен маектештик. Мейманыбыз Тимур Дүйшеевдин айтымында, эки тараптуу сүйлөшүүлөр толук аяктаган соң курулуш иштери башталат жана учурда мектеп салынуучу жерлер толук чечилген.