Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан футбол үчүн окуу-машыгуу базасын ачты. Бул тууралуу Президенттин маалымат кызматы билдирди. Аземге Азия футбол конфедерациясынын президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа да барган. 3,5 гектар аянтта жайгашкан жаңы база эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүмдү камтыйт. Базанын негизги объекти – бул жалпы аянты 10 356 чарчы метр болгон мейманкана комплекси менен 6 кабаттуу имарат. Анда командалар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, СПА-зона, ашкана, фитнес-зал, кеңселер, мейманкана, тактикалык класстар, эс алуу жайлары, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү үчүн ресторан каралган. Базанын спорттук комплексинин аймагында жасалма чөп менен капталган эки кичи футбол талаасы жана 420 орундуу трибуналардан турган негизги гибриддик талаа бар. Ал эми аба-таяныч курулмасы менен жабык футбол талаасы да комплекстин аймагында орун алган.
Жогорку Кеңеште Медербек Сатыевдин Жогорку сотко талапкерлиги каралып, жактырылды. Аны депутаттарга президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды. Депутат Надира Нарматова президент Жогорку соттун төрагалыгына татыктуу талапкерди көрсөткөнүн айтып, талкуусуз добуш берүүнү сунуштады. Парламент сунушту колдоду. Жыйынтыгында эл өкүлдөрү 75 добуш менен Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макул болду. Медербек Сатыевдин талапкерлигин Соттор кеңеши сунуштаган.
Таласта үрөй учурган жол кырсыгы видеого түшүп калган. Анда көрүнүп тургандай, ак түстөгү автоунаа катуу ылдамдыкта келе жатып жолдон өтүп бараткандарды тоголото сүзгөн. Кийин токтоно албай башка унаалар менен барып кагышкан. Маалымат боюнча, кырсык бүгүн 23-октябрда саат 8:30дар чамасында болгон. Күбөлөр кырсыктан көз жумгандар бар экенин кабарлашты.
Владимир Зеленский энергетикалык инфраструктуранын объектилерине сокку уруудан баш тартуу Украинадагы жаңжалдын курч фазасын жыйынтыктоого шарт түзөрүн айтканын “Файнэнчл Таймс” басылмасы жазды. "Биз алардын энергоинфраструктурасына кол салбайбыз, алар биздикине сокку урбайт. Бул согуштун курч фазасын бүтүрүүгө жардам береби? Менимче, жардам берет", — деген Зеленский. Макалада Зеленский ошол эле учурда аймактарды берүү менен тынчтыкка келүү тууралуу сүйлөшүүлөрдүн баарын четке какканы айтылат. Эскерте кетсек, Зеленский Украинадагы ЖЭБдер менен гидроэнергетикалык кубаттуулуктардын басымдуу бөлүгү жок кылынганын билдирген. Октябрдын ортосунда өлкөнүн премьери Денис Шмыгаль да Украинанын жылуулук энергогенерациясынын 90 пайызы талкаланып жок болгонун айткан. Россия президенти Владимир Путин июнь айында Украинадагы абалды жөнгө салуунун шартын атаган. Анын айтымында, Украина Россиянын жаңы аймактарынын баарынан аскер күчүн чыгарып кетери менен Мосвка ок атууну токтотуп, сүйлөшүүлөргө даяр болот. Мындан тышкары, Киев НАТОго кошулуу ниетинен баш тартып, демилитаризация жана денацификация жүргүзүшү керек, ошондой эле нейтралдуу, блоктон тышкаркы жана өзөксүз макамын кабыл алышы кажет.