"40 райондон 40 китеп" аттуу адабий сынак негизделип, алгачкы жолу өткөрүлгөнү турат. Ал аймактарда чыгармачылыкка дем берүү жана интеллектуалдык потенциалды чыңдоого шарт түзүүнү көздөйт. Бул сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөр 2024-жылдын 1-ноябрынан 31-декабрына чейин кабыл алынат.
“Күн башат” программасынын алкагында сынактын максаты жана масштабы тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева айтып берди.