Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Соттор кеңеши Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштады. Эске салсак, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков октябрь айынын башында өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Соттор кеңеши анын талапкерлигин карап, бир добуштан жактырган. Конституцияга ылайык, президент Соттор кеңешинин сунушу менен төраганы беш жылдык мөөнөткө дайындайт, бирок бул үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек. Сатыев Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Маалым болгондой, ал Сокулук райондук сотунун судьясы болуп иштеген. 2020-жылдын октябрында Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Кийинчерээк Сот департаментинин директору, ал эми ушул жылдын январынан тарта Жогорку соттун судьясы болгон.
Казино, букмекерлерди мамлекеттик же муниципалдык менчиктеги мейманкана комплекстерине жайгаштырууга уруксат берүү сунушталууда. Экономика жана коммерция министрлиги "КРдин оюн-зоок иши жөнүндө" мыйзамынын 13-беренесинин 3-бөлүгүн, тагыраагы, "оюн-зоок жайларды мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган кыймылсыз мүлк объектилеринде, ошондой эле капиталында мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын үлүшү бар ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын кыймылсыз мүлк объектилеринде жайгашууга тыюу салынат" деген норманы алып салууну сунуштаган. Аталган мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүндө оюн-зоок жайлары мейманкана комплекстеринде, ресторандар менен биргеликте жайгашышы керектиги жазылган. Демек, кеп мамлекеттик, муниципалдык же алардын үлүшү бар мейманканалар тууралуу болуп жатат.Мыйзам долбоорунун негиздемесинде максат туристтерди тартуу жана республикалык бюджетке кирешени көбөйтүү экени айтылган.
Кыргызстандын электрондук коммерция ассоциациясынын президенти Айбек Күрөңкеев өлкөдө накталай эмес төлөм жүргүзүүнүн темпи жогорулап, калктын 70 пайызынын банктык эсеби бар экенин айтты.2020-21-жылдарда Кыргызстан электрондук коммерция боюнча дүйнөлүк рейтингде 112-орунда турса, учурда позициясын кыйла жакшыртып 96-орунга көтөрүлдү.Анын айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүндө электрондук коммерция рейтингинде Казакстан 65-орунда, Өзбекстан 97-орунда турат.Ошондой эле ал Кыргызстанда электрондук коммерция багыты боюнча рыноктун көлөмү учурда 360 миллион долларды түзсө, Казакстанда 1,2 миллиард долларга жетерин кошумчалады.
Сербия, Түркия сыяктуу башка мамлекеттердин БРИКС саммитине катышуусу ЕБ жана НАТОну кыжырлантат. Алардын келиши — Батыштын дүйнө тартибине каршы чыккан ишарат. Бул туурасында франциялык "Патриот" партиясынын лидери Флориан Филиппо айтканын РИА Новости жазды. Саясатчы Франция өзүнүн көз карандысыздыгын жоготконуна кейигенин жана БРИКС саммитинде анын катышуусун элестетүү кыйын болуп калганын белгилеген.Буга чейин РФ лидери Владимир Путин Чыгыш экономикалык форумунда Сербиянын вице-премьери Александр Вулин алардын мамлекет башчысы Александр Вучичке салам а