Европарламенттин депутаты Москвага келгени үчүн сынга кабылды

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Европарламенттин словакиялык депутаты Любош Блага Россияга, тагыраагы, Москвага келгени үчүн парламенттешинен "тил уккан". бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы жазды.
"Литвалык евродепутат менин Москвага жасаган сапарым үчүн жини келип, жарылып кете жаздады", — деп билдирди Блага.
Ал саясий жактан кызууланып алган депутат Европарламенттин төрагасы бул маселе боюнча өз пикирин билдириши керектигин да айткан.
"Литвалык биринчи сөзгө чыгып, Любош Блага тынчтык үчүн Москвага барып ыраазылык билдиргени коркунучтуу нерсе деп айтты. Ал Европарламенттин төрагасын кийлигишүүгө чакырды", — деп кошумчалады Блага.
Депутат иш сапар тууралуу парламенттин трибунасынан сүйлөөгө мүмкүнчүлүк беришпегендигин айтты.
"Мен, албетте, жооп берүү үчүн сөз сурадым, бирок коргонууга эч ким мүмкүнчүлүк бербейт. Мында марионеткалар өздөрүнүн русофобиялык кутучасында жашап, башкача көз карашта боло албайт. Бир гана согуш, согуш жана согуш. Алар муну демократия деп аташат", — деди Блага.
Европарламентте антироссиялык санкцияларга каршы фракция түзүү аракети башталды