БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги Орок айылында жайгашкан футбол үчүн окуу-машыгуу базасын ачты. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Аземге Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти шейх Салман бин Ибрагим Аль-Халифа да барган.
3,5 гектар аянтта жайгашкан жаңы база эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап инфратүзүмдү камтыйт.
Базанын негизги объекти – бул жалпы аянты 10 356 чарчы метр болгон мейманкана комплекси менен 6 кабаттуу имарат. Анда командалар үчүн кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, СПА-зона, ашкана, фитнес-зал, кеңселер, мейманкана, тактикалык класстар, эс алуу жайлары, ошондой эле иш-чараларды өткөрүү үчүн ресторан каралган.
Базанын спорттук комплексинин аймагында жасалма чөп менен капталган эки кичи футбол талаасы жана 420 орундуу трибуналардан турган негизги гибриддик талаа бар. Ал эми аба-таяныч курулмасы менен жабык футбол талаасы да комплекстин аймагында орун алган.