Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лондон Киевге эки миллиард фунттан ашык акча берет. Чоо-жайы

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Улуу Британия Украинага Россиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн акчанын ичинен 2,26 миллиард фунт стерлингди G7 алкагындагы насыя катары бермекчи. Бул туурасында РИА Новости аталган өлкөнүн өкмөтүнүн билдирүүсүнө таянып жазды.
"Улуу Британия Украинага 2,26 миллиард фунт стерлингди санкцияга кабылган россиялык активдерден түшкөн кирешенин эсебинен насыя катары карайт", — деп айтылган анда.
Бул акча Лондондун G7 насыяларына кошкон салымы дешти.
Украинадагы атайын операция башталгандан тарта ЕБ менен G7 өлкөлөрү Россиянын 300 миллиард еврого чукул валюта корун тоңдуруп салган. 200 миллиард еврого чукул акча ЕБде, негизинен бельгиялык Euroclear деп аталган дүйнөдөгү эң ири эсептик-клирингдик системада жатат.
Буга чейин "чоң жетилик" Украинага Батыш тоңдуруп койгон россиялык активдерден түшкөн пайыздык пайданын эсебинен Украинага 50 миллиард доллар насыя кароого макулдук берген.
РФ ТИМи россиялык акчалардын тоңдурулганын уурулук деп атап, ЕБ жеке жактардын эле эмес, Россиянын мамлекеттик активдерине да тап коюп турганын айткан эле. ТИМ башчысы Сергей Лавров Батыштын россиялык активдеринин тоңдурулган каражаты конфискацияланса, ага Россия жооп кыларын билдирген. Анын айтымына караганда, РФте Батыш өлкөлөрүнүн Россияда кармап турган каражаттарын артка кайтарбай коюу мүмкүнчүлүгү бар.
Эксперттер Россиянын активдерин конфискациялоо ЕБге катуу сокку болорун айтышууда