Суданда "Манас" менен кызматташкан компаниянын Ил-76 учагы атып түшүрүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Суданда Ил-76 учагы атып түшүрүлдү. Анын ичинен "Манас" аэропорту менен кызматташкан адам болгон. Билдирүү аба майдандын маалымат кызматынан тастыкталды.
Алдын ала айтылган кабар боюнча, каза болгондордун арасында Airline Transport Incorporation FZC компаниясынын башкы инженери Виктор Гранов болгон. Анын документтеринен "Манас" аэропортуна таандык адамдын өздүгүн тастыктаган карта табылган.
"Манас" аэропорту Гранов аба майдандын кызматкери эмес экенин, фирмасы аркылуу аэропорт менен кызматташканын билдирди.
Белгилей кетсек, Суданда 2023-жылдын апрелинен бери жарандык согуш жүрүп жатат. Учакты кайсы тарап атып түшүргөнү так айтыла элек.
Түндө Иран Израилге чабуул койду, экинчи тарап жооп болорун айтты