Медербек Сатыев Жогорку соттун төрагалыгына сунушталды. Талапкер тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Соттор кеңеши Кыргызстандын Жогорку сотунун төрагалыгына Медербек Сатыевдин талапкерлигин сунуштады.
Эске салсак, Жогорку соттун мурдагы төрагасы Замирбек Базарбеков октябрь айынын башында өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Соттор кеңеши анын талапкерлигин карап, бир добуштан жактырган. Конституцияга ылайык, президент Соттор кеңешинин сунушу менен төраганы беш жылдык мөөнөткө дайындайт, бирок бул үчүн Жогорку Кеңештин макулдугу керек.
Сатыев 1974-жылы 3-мартта туулган, Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган. Маалым болгондой, ал Сокулук райондук сотунун судьясы болуп иштеген.
2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы болгон. Ошол кезде ал экинчи судья Курманкул Зулушев менен бийликти күч менен басып алууга аракет жасаган деп айыпталган ЖКнын депутаттары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган. Кийинчерээк эки судья тең "кылмыш ишин кароодо КР Жазык-процесстик кодексин одоно бузгандыгы үчүн" кызматынан бошотулган.
2020-жылдын октябрында Кыргызстандын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Кийинчерээк Сот департаментинин директору, ал эми ушул жылдын январынан тарта Жогорку соттун судьясы болгон.
Садыр Жапаров: элибизде дипломатиялык кызмат үч миң жыл мурда пайда болгон