Садыр Жапаров: элибизде дипломатиялык кызмат үч миң жыл мурда пайда болгон

Президент кыргыз дипломатиясынын тарыхы байыркы доорлордон келе жатканын айтып, дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгонун белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдык мааракесинде билдирди.
Анын айтымында, кыргыз дипломатиясынын тарыхы байыркы доорлордон келе жатат.
"Белгилүү кытай тарыхчысы Ю Тайшан өз изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө биздин заманга чейинки Х кылымда эле кыргыздардын мамлекети болгондугун тастыктаган маалыматын жарыялаган. Демек, элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өз мезгилинде кыргыз мамлекети бардык коңшу мамлекеттер, анын ичинде улуу Кытай менен жигердүү кызматташып келген. Буга кызыктуу бир тарыхый фактыны мисалга келтире кетейин, тээ 643-жылдан 747-жылдарга чейин Кытайда 11 кыргыз элчилиги катталган экен", — деген ал өз сөзүндө.
Өлкө башчы учурдагы ургаалдуу геосаясий процесстердин таасири астында дүйнө ар кандай тарыхый сыноолорго дуушар болуп жаткан кезде бабаларыбыздан калган баалуу тажрыйбалар абдан маанилүү экенин кошумчалаган.
Россиянын элчиси Жээнбек Кулубаевди ТИМдин 80 жылдыгы менен куттуктады