Казандагы БРИКС саммити

Садыр Жапаров БРИКС саммитинин жыйынына катышуу үчүн Россияга барат

Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 23-24-октябрда Татарстанга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалыматка ылайык, ал БРИКСтин XVI саммитинин мамлекет башчыларынын жыйынына катышат.
Иш-чарада көп тараптуулукту чыңдоого, бирикменин жаңы мүчөлөрүн интеграциялоого жана глобалдык күн тартибине багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынары белгиленди.
Жапаров: көп векторлуу саясат Кыргызстандын принциби бойдон калат