Ошто Кыргызстан жана Россиянын мугалимдеринин II форуму өтүп жатат

Аталган форум 21-октябрда Ош мамлекеттик университетинин базасында башталганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Ошто Кыргызстан жана Россия мугалимдеринин II форуму өтүп жатат.
Россиянын элчилигинен кабарлашкандай, иш-чара Ош мамлекеттик университетинин базасында 23-октябрга чейин уланат.
"Кечээ форумдун ачылышы болуп, ага президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Талантбек Арстанкулов, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Баткен мамлекеттик университетинин ректору Айдарбек Гыязов, Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору Салават Сагитов, Россотрудничествонун жана РФтин Ош шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү катышты", — деп айтылат маалыматта.
Форумдун алкагында концерттик программа тартууланып, мастер-класстар жана усулдук семинарлар өткөрүлгөнү кошумчаланды.
Бишкекте Кыргыз-Россия билим форуму аяктады. Жыйынтыгы