Чүй: Кой-Ташта төрт киши мушташа кетип, бир адам бычакталып каза болду

Кой-Таш айылында мушташ чыкканы тууралуу билдирүү түшүп, жерине барган тартип сакчылар бир адам бычакталганын көрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Чүй облусунун Кой-Таш айылында төрт киши мушташып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, тополоң тууралуу билдирүү 21-октябрь күнү саат 21:00дө түшкөн.
1 / 2

Чүй облусунун Кой-Таш айылында төрт киши мушташып, бир адам каза болду

2 / 2

Кылмышка шектелип эки киши кармалды

"Окуя болгон жерге барган жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери болжол менен 40 жаштагы бычакталган жарандын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектелип 34 жаштагы У.Б. жана 48 жаштагы К.П. аттуу маркумдун ошол күндөгү "бөтөлкөлөштөрү" кармалган. Алардын бири качып бара жаткан", — деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүүлөрдүн дагы бирөө изделип жатканы кошумчаланды.
Казакстанда бычакталган 16 жаштагы өспүрүм. Шаарга Улуттук гвардия киргизилди